2025-жылдын 30-июнунан тартып Россияга визасыз кирүү эрежелери өзгөрөт

2025-жылдын 30-июнунан тартып Россияга визасыз кирүү эрежелери өзгөрөт

Кыргызстандагы Россиянын элчилиги маалымдайт: 2025-жылдын 30-июнунан 2026-жылдын 30-июнуна чейин визасы жок жарандар үчүн Россияга кирүү боюнча эксперименттик тартип иштейт.

Сапарга чейин эмне кылуу керек?
Россияга кирүү үчүн төмөнкү кадамдарды алдын ала аткаруу зарыл:

  • Электрондук арыз берүү керек болот.

  • Бирдиктүү идентификациялоо системасынан (ЕСИА) каттоодон өтүү.

  • «ruID» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу (ал 2025-жылдын 23-июнунан кийин тиркемелер дүкөнүндө жеткиликтүү болот).

  • Электрондук арызды ушул тиркеме аркылуу чек арадан өтүүгө 72 саат калганда бериңиз (өзгөчө кырдаалда — 4 саат калганда).

Кимдерге бул тиешеси жок?
Жаңы эрежелер төмөнкү жарандарга колдонулбайт:

  • Беларус Республикасынын жарандарына;

  • Дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине;

  • 6 жашка чейинки балдарга.

Виза (анын ичинде бирдиктүү электрондук виза) алып кире тургандар үчүн кирүү тартиби өзгөрүүсүз калат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: виза

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>