2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөн

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев былтыр, 2025-жылы, Ош шаарына республикалык бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди. Бул өлкө боюнча шаарларга бөлүнгөн каражаттардын эң көбү болуп саналат. Бул тууралуу ал Ош шаардык мэриясынын 2025-жылдагы ишин жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынында айтты.
Өкмөт башчынын маалыматында, бөлүнгөн каражаттардын эсебинен шаарда төмөнкү иштер аткарылган:
- 9 мектеп жана 9 бала бакча жаңыланган;
- 7 спорттук жана 2 маданий объект курулган;
- Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 2,2 млрд сомдун 2 млрд сомуна 8 негизги көчө оңдолгон;
- 200 млн сомго тротуарлар курулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, атайын техникаларды сатып алууга жана максаттуу трансферттерге кошумча каражаттар бөлүнгөнү белгиленди.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Ош шаарында чет элдик түз инвестицияларды тартуу көрсөткүчү төмөн экенине токтолду. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 44,1%га төмөндөгөн. Өкмөт башчы бул көрсөткүч инвестициялык климаттын абалынан кабар берерин айтып, ишкерлерге карата негизсиз текшерүүлөргө, мүлктү мыйзамсыз тартып алууга жана моралдык басым жасоого жол берилбестигин эскертти.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев шаар жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди:
- Шаардын аянты кеңейгенине байланыштуу Ош шаарынын Башкы планын тез арада иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Жергиликтүү бюджеттин киреше базасын кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда сапатты жана мөөнөттөрдү сактоо;
- Туризм жаатындагы инвестициялык долбоорлорго басым жасоо.