2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстү

12.03.2026 | 15:09

2025-жылы Кыргызстандын сотторунда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1 миң 196 иш каралган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 24%га жогорулаган. Бул тууралуу Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.

Бакированын айтымында, бул өсүш укук бузууларды аныктоо деңгээлинин жогорулашы жана жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин артышына байланыштуу. Ошондой эле өлкөдө зомбулук маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын көрсөтөт.

Жолугушууда Нургүл Бакирова аялдардын жана кыздардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча баяндама жасаган.

“Улуттук деңгээлде гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган бир катар мыйзам актылары иштеп жатат. Маанилүү стратегиялык документтердин бири — 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия болуп саналат. Ал мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүүнү, коргоонун институционалдык механизмдерин чыңдоону, аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүүнү жана алардын экономикалык көз карандысыздыгын колдоону карайт», — деп билдирген ал.

Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясына дүйнөнүн 107 мамлекетинен өкүлдөр катышууда. Иш-чара 19-мартка чейин уланат.

Scroll to Top