2025-жылы жеке агенттиктер аркылуу 17 миңден ашуу жаран чет өлкөлөргө ишке орношту

23.12.2025 | 18:31

Быйыл жыл башынан бери жеке ишке орноштуруу агенттиктери жалпы 17 миң 167 жаранды ишке орноштурушту. Бул тууралуу Миграция министрлиги билдирди.

Чет жерлерге ишке орношкондордун 6 957си – аялдар, ал эми 10 210ну – эркектер. Агенттиктер аркылуу жарандар көбүнчө Улуу Британия, Түркия жана Германияга жумушка кетишкен. Тактап айтканда:

  • Улуу Британияга 5 284 адам,
  • Түркияга 5 287,
  • Германияга 2 707,
  • Болгарияга 1 273
  • Орусияга 1 463 адам жумушка орношкон.

Калган жарандар Европа жана Азия өлкөлөрүндө, круиздик лайнерлерде, ошондой эле бир катар араб мамлекеттеринде ишке орношушкан.

Министрлик жыл башынан бери чет өлкөгө ишке орноштурууга уруксат берүүгө жалпы 206 арыз келип түшкөнүн, анын ичинен 143үнө уруксат берилип, 19уна баш тартуу чечими чыгарылганын билдирди. Уруксат берүүдөн республикалык бюджетке 572 миң сом киреше түшкөн.

Мындан тышкары, Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору иш берүүчүлөрдүн же ортомчулардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу 20 жаранга жалпы суммасы 1 млн 130 миң 603 сомду түзгөн акча каражаттарын кайтарып алууга көмөк көрсөткөн.

Миграция министрлигинин маалыматында ылайык, 2025-жылдын декабрь айына карата чет өлкөлөрдө 798 миң 400дөн ашык кыргызстандык жашап жатат. Алардын эң көбү Орусияда — болжол менен 341 миң 94 адам. Кыргызстандыктар ошондой эле АКШда (60 миң), Кореяда (12 миң), Германияда (15 миң) жана Бириккен Араб Эмираттарында (6 миң) бар. Жарандар чет өлкөлөргө негизинен билим алуу, эмгектенүү, саякаттоо, бизнес жана медициналык кызматтарды алуу максатында чыгышат.

Scroll to Top