2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынат
Кыргызстанда укук коргоо органдарына ишкерлерди негизсиз текшерүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.
Президент Садыр Жапаров демилгелеген реформа 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана ак ниет ишкердикти коргоого багытталган.
Сабиров белгилегендей, 2025-жыл жаңы «инвестициялык архитектураны» түзүүдө бурулуш жасаган жыл болду. Агенттиктин макамы жогорулатылып, эми ал инвесторлорду коштоо боюнча бирдиктүү компетенттүү борборго айланды.
«Биз чачыранды мамиледен “бирдиктүү терезе” принциби боюнча борборлоштурулган тутумга өтүп жатабыз», — деп баса белгиледи мекеменин жетекчиси.
Мындан тышкары, Башкы прокуратура менен биргеликте ишкердик менен түз диалог жүргүзүү үчүн аянтча түзүлдү. Бул кыска мөөнөттө мамлекет менен инвесторлордун ортосунда ишеним платформасын калыптандырууга шарт түздү.