Кыргызстан 2026-жылы 15 миң электромиль ташып келүүдө бажы алымынан бошотулат

12.12.2025 | 10:31

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Кыргызстанга электрмобилдерди ташып келүүдө импорттук бажы төлөмүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктерди берүү чечимин кабыл алды. Мындай чечимге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Орусиянын борбору Москвада өткөн жыйында кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан колдонуудагы квотаны толук өздөштүргөндүктөн, электр кыймылдаткычтары бар моторлуу унааларды (гибриддик жана электр унаалары) импорттоодо жеңилдиктерди кеңейтүүнү сунуштаган. ЕАЭБ бул сунушту колдоп, жеңилдиктердин көлөмүн 15 миң даанага чейин көбөйтүү чечимин кабыл алган.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан 2026-жылы өлкөгө электромобилдерди киргизүүдө бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик сурап, тиешелүү демилгени Евразия экономикалык комиссиясына жөнөткөнү айтылган.

Scroll to Top