Борбор Азиядагы абал: Кыргызстандын андагы оорду жана мүмкүнчүлүктөрү

Борбор Азиядагы абал: Кыргызстандын андагы оорду жана мүмкүнчүлүктөрү

Борбор Азия аймагы өзүнүн Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө катары геосаясий жактан мааниси өтө жогору. Бул аймакта Россия, Кытай жана Европанын таасирлери кагылышып, алардын ар бири Борбор Азияны өз таасир аймагына кошуу максаты тымызын байкалат. Ошондуктан, аймактагы мамлекеттер үчүн тең салмактуу жана көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүү бүгүнкү күндүн стратегиялык милдети болуп саналат. Кыргызстан бул милдетти кандай аткарып жатат? Регионалдык жана глобалдык геосаясий оюнчулардын кызыкчылыктарын эске алуудабы? Муну менен катар тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо кандай иштер жүрүүдө? Бул ирет «Reporter.kg» басылмасы мына ушул жатта сересеп жүгүртөт.

Борбор Азия – дүйнөдөгү ири геосаясий жана экономикалык күчтөрдүн кызыкчылыктары кесилишкен, тарыхый жана стратегиялык маанидеги аймак. Өзүнүн географиялык жайгашуусу, жаратылыш ресурстарынын байлыгы жана транзиттик потенциалы менен акыркы жылдары ири державалардын көңүл борборуна айланды. Борбор Азия лидерлеринин саммиттери туруктуу негизде өткөрүлүп, көп маселелерди ачык талкуулай турган аянтчага айланды десек ашыкча болбос.

Бул чөлкөмдөгү учурдагы геосаясий кырдаал айрым маселелерге карабастан, кызматташтыкты бекемдөөнүн мезгилин баштан кечирүүдө деп бааласак болот. Ал эми жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүү, климаттын өзгөрүшүнө көнүү, чек ара маселелери сыяктуу көйгөйлөр дагы деле актуалдуулугун жоготкон жок. Бул көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо мезгил талабы.

Кыргызстан бул аймакта туура нуктагы тышкы саясат жүргүзүү менен Россия, Кытай жана башка чоң оюнчулар менен тең салмактуу мамиле түзүүгө жетишти. Мындан тышкары, аймактык интеграция, мисалы, ЕАЭБ, КМШ уюмдарынын алкагында экономикалык жана саясий байланыштарды өнүктүрүүгө активдүү катышууда.

Кыргызстан эл аралык аренада өзүн таанытып, элчиликтерди түзүп, көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрдү.  Садыр Жапаровдун эл аралык сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоп, аймактык жана глобалдык деңгээлде иш алып барып жатканы факт. 

Ошондой эле Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы ролу өсүүдө. Мисалы, тоолуу өлкөлөрдү коргоо жана жашыл экономика боюнча демилгелерди көтөрүп, таасирин тийгизүүдө.

Бирок, Борбор Азияда бардык мамлекеттерге тиешелүү жалпы көйгөйлөр бар: Талибандын бийликке келишинен кийин аймак коопсуздугуна шек келтирүүчү коркунучтар күчөдү. Радикализмдин жайылышы, мыйзамсыз баңгизат трафиги – аймактык деңгээлдеги жоопту талап кылат. Борбор Азия – климаттык коопсуздук жаатында эң аялуу региондордун бири. Кургакчылык, мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу суу тартыштыгы күчөп жатат.  Суу башындагы жана сууга көз каранды өлкөлөрдүн ортосунда координацияланган саясат болбосо, бул чоң кризиске алып келиши мүмкүн.

Бирок, ага карабай акыркы жылдардагы Борбор Азиянын геосаясий картасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Серепчилердин баамында, Кыргызстан өзүнүн геосаясий позициясын туура пайдаланып, туура багытта тышкы саясат жүргүзүп, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо маанилүү ролду ойнойт. Эл аралык уюмдардагы демилгелер, экономикалык долбоорлор жана регионалдык кызматташтык өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнүн негизги багыттары болуп саналат.

Постсоветтик доордон кийин Борбор Азия өлкөлөрү ар кайсы нукта өнүгүп, өз алдынча тышкы саясат жүргүзүп келишкени белгилүү. Бирок акыркы жылдарда аймактык кызматташтык жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүп, экономикалык, саясий жана коопсуздук багытындагы интеграциялык аракеттер жанданды.

Өз кезегинде Россия өзүнүн тарыхый таасирин сактап калууга умтулат. ЕАЭБ жана ЖККУ аркылуу интеграциялык аракеттерди улантууда. Ал эми Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгеси аркылуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, экономикалык таасирин кеңейтүүдө АКШ жана Евро Биримдик адам укуктары, демократия жана туруктуу өнүгүү темалары аркылуу  “күчүн” пайдаланып жатат.

Түркия Түрк мамлекеттер уюму аркылуу маданий, тилдик жана саясий байланыштарды бекемдөөдө.

Кыргызстан менен Өзбекстан, Казакстандын ортосунда мурдагыга караганда  мамиле бир топ жакшырды. Коопсуздук жаатындагы кызматташтык күч алып, чалгындоо жана чек ара коопсуздугун бекемдөөдө өз ара аракеттер арбын болууда.

Борбор Азия – атаандаштык эмес, кызматташтык аркылуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймак. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, жаратмандык менен өнөктөштүктү арттыруу – бул келечек муундарга татыктуу мурас болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>