Жумгалда ички туризмди өнүктүрүүгө арналган “Ак-Көл Фест” фестивалы өттү

Жумгалда ички туризмди өнүктүрүүгө арналган “Ак-Көл Фест” фестивалы өттү

Нарын облусунун Жумгал районунда экинчи жолу “Ак-Көл Фест” фестивалы өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Үңкүр-Сай капчыгайындагы Ак-Көл көлүнүн жээгинде өткөрүлгөн фестиваль Соода-өнөр жай палатасы, Жумгал райондук администрациясы жана Миң-Куш айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган.

Фестиваль ички туризмди өнүктүрүү, жаңы тенденцияларды жайылтуу, каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана улуттук ашкананы жайылтуу максатында уюштурулган.

Үңкүр-Сай капчыгайында өткөрүлгөн фестивалда кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана суусундуктар, этникалык мода көргөзмөсү, концерттик номерлер, “Манас” эпосу, элдик оюндар жана кечки кинотеатр көрсөтүлгөн.

Фестивалга туристтер, туристтик агенттиктердин, жашыл технологиялык компаниялардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана ар кайсы аймактардан келген коноктор катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>