Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды ташып келип, сатып жүргөн ишкана аныкталды

25.09.2025 | 09:36

УКМК мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын ташып келип, аны жасалмалап, андан ары ата мекендик азык катары сатып жүргөн кылмыштуу схема аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында “Евразия канаттуулар фабрикасы” ишканасында жана анын жетекчисинин жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында аталган ишкананын муздаткыч жайларында жарактуулук мөөнөтү өткөн ири өлчөмдөгү контрафакттык канаттуулар продуктылары табылган. УКМКнын маалыматында, бул азыктар кийин шаардын базарларында жана гипермаркеттерде ата мекендик бренд менен кайра таңгакталып, сатылган.

Мындан тышкары канаттуулар фабрикасынын жетекчилиги миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталган. Алар Бангладештин 28 жаранын жана Пакистандын 4 жаранын Кыргызстандын аймагында эмгектенүүгө уруксаты жок мыйзамсыз ишке тарткан.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттердин башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top