24-июнь: Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус аныкталып, 28 бейтап айыкты

24-июнь: Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус аныкталып, 28 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 207 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 92;
Чүй облусу — 35;
Ош ш. — 43;
Ош облусу — 28;
Нарын облусу — 5;
Жалал-Абад облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 2;
Талас облусу — 1.

24-июнга карата өлкөдө жалпы 3 миң 726 адам коронавирус жуктуруп алган.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны  – 28 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 82 бейтап айыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>