Site icon Reporter.kg

24 жаштагы аялын бычактап өлтүргөн кишинин иши сотко өттү

наручники

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында өзүнүн мурдагы жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, киши колдуу болгон келин 24 жашта болгон.

«Кочкор-Ата шаарындагы адам өлтүрүү фактысы боюнча иш толугу менен тергелип, шектүүнүн күнөөсү далилденип, сентябрь айынын жыйынтыгы менен сотко жиберилген», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Кочкор-Атадагы кафелердин биринин короосунда киши колдуу болгон жаш аялдын сөөгү табылган. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү кармалып, 2 айга тергөө абагына камакка алынган.

Анда облустук милиция Reporter.kg’ге шектүү жубайын кызганычтан улам өлтүргөнүн билдирген. Маалым болгондой, окуя болгон күнү шектүү мурдагы аялын кафеге чакырып, кайра жарашууну көздөгөн.

«Алар мурда чогуу жашап, кийин ажырашып кетишкен. Ортодо бир баласы бар. Кайра жарашуу максатында мурдагы күйөөсү келинди кафеге чакырган. Бирок аялы жарашууга көнбөй, экөө келише алган эмес. Мурдагы күйөөсү кызганычтан улам ошол кафенин жанынан бычактап өлтүргөн. Ошол учурда шектүү кызуу абалда болгон. Келиндин өлүмүнө шектүү делип анын 33 жаштагы мурунку күйөөсү кармалган. Ал учурда камакта», — деп билдиришкен милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version