25-июнь: Кыргызстанда дагы 228 адамдан коронавирус аныкталды

25-июнь: Кыргызстанда дагы 228 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 228 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 25-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 113 адам. Ош шаарында 32, Чүй облусунда 24, Ош облусунда 31, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 10, Талас облустарында 3, Баткен облусунда 2.

Бир суткада бул илдеттен бир адам каза таап, жалпы каза болгондор 43 адамга жетти. Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 30 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

25-июнга карата өлкөдө жалпы 3 миң 954 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2 миң 112 адам илдеттен айыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>