25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилет. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.
Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык өлкө аймагына 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
Ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кыдаал менен өзгөчө абалдын айырмланаарын түшүндүрүп берген.
“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат”, — деген Боронов.
Ал эми өзгөчө абал учурунда жарандардын айрым укуктары жана эркиндиги чектелип, аларга кошумча милдеттер жүктөлөт.