Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
25-октябрга карата аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаашы мүмкүн
25.10.2025 | 10:00

Бүгүн, 25-октябрда, өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, бийик тоолордо карга айланышы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык жана булуттуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 20…25°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 5…7°C, күндүз 22…24°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 9…13°C, күндүз 24…26°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 10…12°C, күндүз 25…27°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 6…8°C, күндүз 21…23°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…6°C, күндүз 17…21°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 0…+3°C, күндүз 15…17°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°C, күндүз 21…23°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом