Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат
23.03.2026 | 15:21

26-мартта Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү сууну берүү саат 09:00дөн 15:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Суу төмөнкү көчөлөр менен кесилишкен аймакта өчүрүлөт:
Панфилов көчөсү – Манас проспектиси – Фрунзе көчөсү – темир жол линиясы.

Бул чара «Тоголок Молдо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу көрүлүүдө.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана мекемелерден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом