Кыргызстандын аймагында 30-апрель саат 10:00гө карата 17 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 3
Ош ш. — 1
Ош облусу — 2
Жалал-Абад облусу – 1
Чуй облусу — 9
Нарын облусу — 1.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 746га жетти.