Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ысык-Көлдө 297 бала үчүн жайкы эс алуу уюштурганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Улан» Балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна 297 бала барды.
Эс алуу Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан барган майыптыгы бар, жетим, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулду.
Жакын арада балдардын үчүнчү агымын ден-соолукту чыңдоочу жайга жөнөтүү күтүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда