Site icon Reporter.kg

300гө чукул бала Ысык-Көлдө эс алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ысык-Көлдө 297 бала үчүн жайкы эс алуу уюштурганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Улан» Балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна 297 бала барды.

Эс алуу Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан барган майыптыгы бар, жетим, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулду.

Жакын арада балдардын үчүнчү агымын ден-соолукту чыңдоочу жайга жөнөтүү күтүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version