Шаардык сот Равшан Жээнбековду абакта калтырды

Шаардык сот Равшан Жээнбековду абакта калтырды

Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагындагы баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.  Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журанлисттерге кабарлады.

Бишкек шаардык соту саясатчыны «үй камагына чыгарууга негиз жок» деп, 18-июлга чейин камакта болуу чечимин күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда “Барымтага алуу” “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу” беренелеринин негизинде айыптуу деп камакка алынган.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>