Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Нарын облусунда — 12 адам. Бишкекте 7 адам, Чүй облусунда –3 адам, Ош облусунда – 1 адам, Ош шаарында –3 адамдан табылды.
Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамга жуккан.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 57 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1170 адамга жетти.