Site icon Reporter.kg

31-май: Коронавирус 26 адамдан табылды, 57 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Нарын облусунда — 12 адам. Бишкекте 7 адам, Чүй облусунда  –3 адам, Ош облусунда – 1 адам, Ош шаарында –3 адамдан табылды.

Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 57 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1170 адамга жетти.

Exit mobile version