(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн 10…+15
күндүз +26…+31
Талас облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +26…+31
Баткен облусу
түнкүсүн +15…+20
күндүз +29…+34
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +15…+20
күндүз +29…+34
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +22…+27
Нарын облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +21…+26
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз