4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

04.04.2026 | 10:00

Бүгүн, 4-апрелде, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 21…26°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 20…25°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 12…17°C, күндүз 22…27°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 12…17°C, күндүз 22…27°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 11…16°C, күндүз 21…26°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 18…23°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 17…22°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°C, күндүз 23…25°C болот.
Scroll to Top