Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
5-класстын окуучулары үчүн математика китептери басылып чыкты
03.12.2025 | 11:57
5-класстын окуучулары үчүн математика предмети боюнча окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Китептер «Учкун» басмаканасында басылып чыккан. Министрликтин өкүлдөрү басмаканага барып, аталган окуу китептерди кабыл алышкан.
Математика китептери окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 миң 150 даана, ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 66 миң 30 даана көлөмдө чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим


