Беш жылдан ашык дайынсыз жоголгон адамдын көмүлгөн жери табылды

Беш жылдан ашык дайынсыз жоголгон адамдын көмүлгөн жери табылды

Москвада беш жылдан ашык дайынсыз жоголгон адамдын көмүлгөн жери аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Февралдын соңунда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Президенттин аппаратынан жөнөтүлгөн материал келген. Анда Баткен облусунун тургуну Х.Т. (аял киши) 2015-жылдан бери байланышпай, дайынсыз жоголгон 50 жаштагы Х.Р. аттуу уулун издөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2013-жылы Москвага эмгектенип келүү үчүн кетип, акыркы жолу жакындары менен 2015-жылы байланышкан. Ал Москва шаарынын Коньково районунда убактылуу жашап турганы аныкталган.

Ал жоголгон күндөн баштап жакын туугандарынын өз алдынча издөөсү натыйжа берген эмес. ИИМдин өкүлчүлүгүнө кайрылган соң, дайынсыз жоголгон Х.Р. 2008-жылы Орусиянын жарандыгын алгандыгы аныкталган. Х.Р. 2015-жылы 8-мартта  Москва шаарында жайгашкан В.В. Виноградов атындагы шаардык клиникалык ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу түшүп,  ошол эле жылдын 19-марттында эки тараптуу пневмониядан каза болгондугу аныкталган.

Ал эми 2015-жылы 11-апрель күнү ал мамлекет тарабынан жерге берилген.

Тэги: издөө ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>