7-ноябрда 2025-жылдагы эң күчтүү магниттик бороон жерди каптайт
7-ноябрда жерди G3–G4 деңгээлиндеги күчтүү магниттик бороон капташы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиядагы Космос изилдөө институту жана АКШнын Космос аба ырайын божомолдоо борбору (NOAA SWPC) билдиришти. Күчтүү бороондун себеби — күндөгү ири X1.8 класстагы жарылуу жана плазманын чоң көлөмдө бөлүнүп чыгышы.
Астрофизиктердин маалыматында, Жер планетасына карай Күндөн чыккан плазманын агымы — массанын короналдык чыгышы (CME) жакындап келүүдө. Ал радио байланышка, навигациялык системаларга, спутниктердин жана электр тармактарынын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Адамдар чарчоо, кыжырдануу же уйкусуздук сыяктуу абалды сезиши ыктымал, бирок магниттик бороондордун ден соолукка тийгизген таасири илимий жактан али далилдене элек.
Окумуштуулар кырдаалды байкоону улантууда: эгер түн ичинде катталган акыркы плазманын чыгышы так Жерге багытталган болсо, бороондун деңгээли G5, башкача айтканда, экстремалдуу категориясына жетиши мүмкүн.