81 жаштагы карыяны аёосуз сабаган адам изделүүдө. Шектүүнүн дудук экени айтылууда

81 жаштагы карыяны аёосуз сабаган адам изделүүдө. Шектүүнүн дудук экени айтылууда

Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны башка көзгө койгулап себепсиз ураган адам изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын баса сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 14-август күнү болгон. Жабырлануучу 18-август күнү милицияга арыз менен кайрылган.

«Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде жайгашкан дүкөндөн видео тасмасы алышып, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун алган жаракаттарынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде карыяны себепсиз урган атуул Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы тургуну экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, карыяны урган шектүү дудук экендиги жана бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон.

Учурда аны кармоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Азыркы тапта карыяны урган адамдын видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Андагы тасмада эки адам бир отургучта отурганын, күтүүсүз жерден бири экинчисин чаап жибегенин жана бет талаштыра тепкенин көрүүгө болот. Ошондой бул көрүнүш көчөдө дагы кайталанган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>