9-май. Президент Өчпөс отко гүл койду

9-май. Президент Өчпөс отко гүл койду

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына  митинг-реквием өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>