2-октябрь күнү “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты.
Ишкер жергиликтүү басылмаларга экономика министри болуп турган кездеги айрым фактыларга байланыштуу суракка чакырылганын билдирген.
Эмил Үмөталиев 2010-2011-жылдары Экономика министрлигин жетектеген.