Бүгүн 10-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы, Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешет.
Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.
Мелдеште кыргызстандык футболчулар машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинде ойношот.
Белгилей кетсек, тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калды
17-июлда Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн