10-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын №1- мекемесинде (Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылы) пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 кг. баңги заттары (героин, гашиш, марихуана) табылып алынган. Ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор -24 даана, тешүүчү жана кесүүчү буюмдар — 63 даана, алкоголдук ичимдиктер — 3,5 литр, маш — 275,5 литр жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар.
Табылган тыюу салынган заттар жана буюмдар фактысы боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан тийиштүү болгон тергөө жана башка текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мекемесинен билдиришти.