23-октябрь күнү саат 14:16да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.