Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткандарына Өкмөттүк апппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет:
2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.
Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады.
2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.
Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады.
Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт.
Аймак | Жогорку сорттогу ун
(50 кг/сом) |
1-сорттогу ун
(50 кг/сом) |
2-сорттогу ун
(50 кг/сом) |
Чүй облусу | 1800 | 1450 | 1000 |
Нарын облусу | 1700 | 1500 | 1000 |
Ысык-Көл облусу | 1800 | 1200 | 1050 |
Талас облусу | 1500 | 1400 | 1200 |
Ош облусу | 2000 | 1450 | 1200 |
Жалал-Абад облусу | 1750 | 1600 | 1350 |
Баткен обласу | 2000 | 1650 | 1200 |