Төкмө акын, ырчы жана обончу Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып, каза болду. Маалыматты акындын кесиптештери тастыктады.
Маалыматка караганда, акын бара жаткан унаа 11-ноябрь күнү Бишкек — Торугарт жолунда жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен 4 адам каза болгон. Айрым маалыматтарга караганда, каза болгондордун арасында акындын келинчеги да бар.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя такталып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, 10-ноябрда комузчу Нурзат Орозалиева 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.