ПРОЕКТ ЖӨНҮНДӨ

Reporter.kg — бул Кыргызстандагы тексттен видеого чейин ар түрдүү форматтагы көз карандысыз медиа-долбоор. Биз өлкөдөгү эң маанилүү окуялар тууралуу так, түшүнүктүү жана эки тилде: кыргызча жана орусча айтып беребиз.

Биздин ишмердүүлүктүн борборунда жандуу репортаждар, маектер, аналитикалык материалдар, видеолор жана инфографика турат. Биз татаал маселелерди жөнөкөй түшүндүрүп, өлкөнүн жашоосуна таасир эткен адамдарга сөз беребиз.

Биз ыкчам, бирок сапаттуу иштейбиз. Ар бир материалдын артында тажрыйбалуу журналисттер, видеооператорлор, редакторлор жана дизайнерлерден турган команда турат.

Биздин миссия – маалыматтын ишенимдүү булагы жана коомчулук, бийлик жана бизнестин ортосунда көпүрө болуу.

Reporter.kg‘ни жаңылыктарды жөн эле окугандар эмес, алардын артында эмнелер турганын түшүнгүсү келгендер тандашат.

Scroll to Top