Казакстанда аткезчилик үчүн соттолуп Кыргызстанга эстрадицияланган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу жазасын Молдовановкадагы № 27 түзөтүү колониясында өтөйт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда Асылбек уулу учурда № 1 тергөө абагында кармалууда. Кийинки пландык этап менен ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү мекемесине жиберилет.
Белгилей кетсек Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда алып келинген. Жогорку ага карата Казакстанда чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.
24-апрелде Алматанын райондор аралык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле өлкөдөн жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң чыгары тууралуу өкүм чыгарган.
№ 27 түзөтүү колониясында мамлекеттик кызматкерлер жана терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор жаза өтөйт.