Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылындагы №3 абакка жакын жерден баңгизат алып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.
2-декбарь күнү шектүү катары “Субару Легаси” үлгүсүндөгү авто унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен унаадан жылтырыкка оролгон 6 даана түйүнчөк, 2 даана желим бөтөлкө табылып ичинде өзгөчө жыты бар өңү жашыл түстөгү 4 килограмм 48 грамм баңги затына окшош заттар алынган.
Унаада 27, 26, 25 жана 19 жаштагы Кыргыстандын жарандары болгон.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш өндүрүшкө алынган.