АКШнын Өкүлдөр Палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандагы «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банк эсептеринин камакка алынышы боюнча «Твиттердеги» расмий баракчасы аркылуу үн катты.
«Кыргыз өкмөтү коррупцияны ачыктап чыккан “Клооп”, “Азаттыктын” иликтөөлөрүн жокко чыгарып, журналистиканы басмырлап жатат. Эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо ― бул эркиндикке кол салуу. Өкмөт багытын тез арада өзгөртүшү керек”, — деп жазылат анда.
The Kyrgyz Government is suppressing journalism rather rooting out credible allegations of corruption from @Kloopnews & @RFERL Kyrgyz Service, @Azattyk_Radiosu. Intimidating & silencing a free press is an assault on basic freedoms. The government should change course immediately. https://t.co/mcafBXYBs6
— House Foreign Affairs Committee (@HouseForeign) December 12, 2019
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декбарда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.
Свердлов райондук соту 10-декабрда басылмалардын банк эсептерин камакка кою боюнча Кыргызстандагы бардык банктарга аныктама берген.
Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская бүгүн журналисттерге берген маалымат жыйында, басылмалардын банктык эсебин камактан чыгаруу боюнча сотко арыз бергенин билдирген.