Ош облусунун аймагында 15-декабрь күнү саат 07:39да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.