Жаңы-жылга карата Бишкектеги троллейбустардын ичи жасалгалана баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн биринчилерден болуп Улан Биялиев жана Аскат Кыштообеков башкарган №2 троллейбустун ичи кооздолду. Кийинки жумадан баштап сиздерди жаркыраган коомдук унаалар ташый баштайт”, — деп жазылат маалыматта.