Жалал-Абад облусунда чек арада кызмат өтөп жаткан аскер өзүнүн бутуна ок атып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окуя 5-январда болгон. Анда мекеменин Ыкчам кызмат башкармалыгынын аскери күзөттө турган маалда өзүнүн бутуна кокустан атып алган. Учурда аскердин абалы канааттандырарлык.
Окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.