Жаңы мыйзамга ылайык, тажик бийлиги улуттук коопсуздукту жана мамлекетти коргоо жөндөмдүүлүгүн алсырата турган аракеттерди, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыктарын, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутууга багытталган иштерди экстермисттик аракеттер деп эсептейт.
Ошол эле маалда улуттук коопсуздукту жана мамлекетти коргоо жөндөмдүүлүгүн алсырата турган аракеттерге эмне кирери белгисиз. Талдоочулар бийлик мыйзамдын бул жобосу менен башкача ой жүгүрткөндөрдү, атаандаштарын экстремист катары куугунтукташы ыктымал деп эсептешүүдө.
«Экстермизмге каршы аракет жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Байланыш кызматы бардык веб-сайттарды жана социалдык түйүндөрдү көзмөлгө алып, керек учурда алардын ишине бөгөт коюуга укук алат.
Расмий маалыматтар боюнча «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун катарына кошулуу үчүн тажикстандык 1900дөй жаран Сирия жана Иракка кеткен. Соңку жылдары экстремизмге айыпталып 1400 киши кармалган, алардын арасында диний ынанымы үчүн да соттолгондор бар. Былтыр мунапыс менен алардын 500дөйү эркиндикке чыккан.