Таласта тилсиз жоодон 494 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Талас облусунун аймагында 2019-жылдын 12 ай ичинде 211 өрт кырсыгы катталды. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 9 миллион сомдон ашык түздү.
Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -25%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 29,9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда — 6,6%, балдардын от менен ойноосунан -12,8%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 58,3% турак жай секторунда болгон.
Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Кара-Буура районунда 71 өрт -(33,6%) Манас району 43 өрт-(20,5%), Талас шаары 42 өрт-(19,9%), Талас району 32 өрт-(15,5%), Бакай-Ата району 23 өрт-(11%) кырсыгы катталган.
Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (123) өрт жана 5 млн. 584 мин 762 сом материалдык чыгымды түзгөн.