19-январь күнү саат 19:27де Кытайда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөө Кыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Саат 02:18де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Токтогул районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.