Президент Сооронбай Жээнбеков «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.
Сырткы жарнакты жайгаштырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.