Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Чүй облусунда Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-январь күнү 40 жаштагы И.М. аттуу КР жараны Чүй дарыясын кечип Казакстандан Кыргызстан тарапка өтүп кетүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>