Бишкектеги Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жер астынан өтүүчү өтмөктөн суу агып, асфальт төшөлгөн жолу ажырап баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурман кабарлады.
Шаар тургунун айтымында, өтмөктө таштанды дагы топтолуп турат.
«Күзүндө көпкө чейин жабык турду. Оңдолуп жаңы эле ачылган. Биринчи кар менен эле шыпынан суу агып баштады. Шаар бюджетинин акчасын ушуга коротуштубу?», — дейт окурман.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз