Бүгүн, 12-февралда көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов билдирди.
Өмүркулов жыйын саат 11:00дө өтө турганын айтып, Өкмөттүн сунушу бар экенин билдирди.
«Өкмөттүн сунушун карайбыз. Көпчүлүк коалициянын мүчөлөрү барыңыздар активдүү катышып бериңиздер», — деп чакырып кетти эл өкүлү.