Samsung компаниясы АКШдагы заводдоруна Кыргызстандын жарандарын ишке алууга макул. Бул тууралуу Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев билдирди.
Маалыматка караганда, “Vapisa” компаниясынын директору Ким Джэ Хён менен жолугушуу өтүп, ал кызматташууга даярдыгын билдирген.
Белгилей кетсек, Samsung компаниясынын заводдору дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө жайгашкан. АКШда кир жуучу машина, аккумулятор жана чиптерди чыгарган өндүрүшү бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз