Бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иштериндеги алдын ала угуулар болот. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Отурум саат 16:00дө Биринчи май райондук сотунда башталат, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев катышары күтүлүүдө.
Кой-Таш окуясы боюнча 14 адам айыпталууда.